Венесуэланын президенти Николас Мадуро америкалык миллиардер Илон Маскты мушташка чакырды. Ишкер бул сунушту кабыл алып, эгер Мадуро жеңсе, Марска билет алып берерин айтты.
Мунун баары Маск X социалдык тармагында Мадуро Венесуэладагы акыркы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганын айткандан кийин башталды.
“Мадуронун шайлоодогу ири бурмалоолору”, – деп жазган Маск.
Мадуро, РИА Новости жазгандай, тышкы күчтөрдүн шайлоого кийлигишкенин жарыялап, Маскты Венесуэланын “анттуу душмандарынын” катарына кошкон. Ал ошондой эле Маск Венесуэланы башкаруу идеясына берилип кеткенин айтты.
Андан кийин Мадуро Венесуэланын улуттук телеканалы аркылуу Маскты мушташка чакырган. “Кел, Илон Маск, мен сенден коркпойм”,- деди Мадуро.
Маск Венесуэланын башчысынын чакырыгын кабыл алып, бул тууралуу ал өзүнүн X социалдык тармагындагы аккаунтунда жарыялады.

Ошол эле учурда бизнесмен бир шарт койду: эгерде ал жеңсе, анда Мадуро президенттиктен кетет, өзү жеңсе, анда Мадурого Марска бекер учуу уюштурулат.
Мадуро буга чейин Маск койгон шарттарга жооп берген.
“Маск менин чакырыгымды кабыл алды. Илон Маск, жасай берели (Мадуро бокстагыдай поза көрсөттү – ред.), бирок бул жакка кел, мен бул жердемин. Эгер жеңсем, Марска саякаттооңду (сунушуңду) кабыл алам, бирок сен мени менен учасың», – деди Мадуро журналисттерге.
Эске сала кетсек, 29-июлда Венесуэладагы акыркы президенттик шайлоодо Николас Мадуро жеңип чыкканы белгилүү болгон. Инаугурация 2025-жылдын 10-январына белгиленген, Мадуронун бийлик мөөнөтү алты жыл болот.
Мадуронун кийинки президенттик мөөнөтү анын өлкөнү 2013-жылдан бери башкарып келе жаткан үчүнчү мөөнөтү болот;
Ошол эле учурда оппозиция шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын жарыялады. Би-Би-Си орус кызматы жазгандай, шайлоо алдындагы сурамжылоолор жана шайлоо участкаларындагы экзит-поллдор Мадуронун негизги атаандашы Гонсалес үчүн чоң артыкчылыкты көрсөттү.
Бул жарыядан кийин демонстранттар менен полиция жана аскерлер ортосунда кагылышуулар болгон.
Мадуро шайлоону бурмалоо боюнча айыптоолорду четке кагып, анын кайра шайланышына каршы нааразылык акциялары чет элдик күчтөрдүн тукуруусу менен “фашисттик жана контрреволюциячыл күчтөрдүн” төңкөрүш аракети экенин айткан.


















