Венесуэлада болгон кыйраткыч жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 235 адамга жетти.
Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Карлос Альварадо билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндүн саат 19:00үнө карата 4300дөн ашуун жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлдү. Алардын көпчүлүгү жеңил жаракат алышкан. Бирок орто жана оор абалдагы бейтаптар да бар. Көптөгөн жабырлануучуларга шашылыш хирургиялык операциялар жасалган.
Министрдин маалыматына ылайык, 235 адам окуя болгон жерде эле каза болгон же ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган.
Эң оор кырдаал Ла-Гуайра штатында сакталууда. Ал жерде курмандыктардын жана жаракат алгандардын саны эң көп катталган. Учурда бул жерде өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн, Венесуэланын Кызыл Крест коомунун жана жеке менчик клиникалардын көчмө госпиталдары иштеп жатат.
Карлос Альварадо жер титирөө катталгандан кийин өлкө боюнча өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча мамлекеттик система дароо ишке киргизилгенин билдирди. Эң көп жабыркаган аймактарга 5000ден ашуун медицина кызматкери, анын ичинде 1200дөн ашык дарыгер жөнөтүлгөн.
25-июнга караган түнү Венесуэланын жээгинде күчтүү жер титирөө болду. Жалпысынан магнитудасы 7,2 жана 7,5 болгон эки ирет жер силкинүү катталган. Алар Морон шаарынан 16 чакырым, ал эми Сан-Фелипе шаарынан 24 чакырым алыстыкта катталган.
Жер титирөөнүн кесепетинен 8 оорукана, 20 соода борбору жана 68 инфраструктуралык объект жабыркады. Ошондой эле 250 имарат зыян тартып же толугу менен кыйрады. Коопсуздук максатында айрым медициналык мекемелер эвакуацияланды.
The New York Times басылмасынын маалыматына ылайык, бул жер титирөө акыркы 126 жылдагы Венесуэладагы эң күчтүү жер титирөө болуп калды.

















