Венесуэла президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрүнөн дипломаттарын чакыртып алып жатканын, өлкөнүн өкмөтүнөн билдиришти.
“Венесуэла ишке ашпай калган “Лима тобун” жандандырууга аракет кылып, 2024-жылдын 28-июлундагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого умтулган, Вашингтонго баш ийген оңчул өкмөттөр тобу тарабынан кийлигишүү мүнөзүнө ээ аракеттерди жана билдирүүлөрдү катуу айыптайт”, – деп айтылат билдирүүдө.
Венесуэланын өкмөтү улуттук эгемендүүлүккө каршы багытталган бул окуялардын фонунда Аргентина, Чили, Перу, Коста-Рика, Панама, Доминикан Республикасы жана Уругвайдан дипломаттарын чакыртып алуу жана ошол эле учурда бул өкмөттөрдөн Венесуэланын аймагынан өз өкүлдөрүн токтоосуз чакыртып алуусун талап кылуу чечимин кабыл алды.
Венесуэлада президенттик шайлоо 28-июлда өттү. Протоколдордун 80 пайызын эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча азыркы мамлекет башчысы Николас Мадуро 51 пайыз добуш менен жеңип алды. Мадуро Боливариан Республикасын 2013-жылдан бери жетектеп келет жана анын кийинки президенттик мөөнөтү анын катары менен үчүнчүсү болот. Инаугурация 2025-жылдын 10-январында болот.
Ошол эле күнү Аргентина, Коста-Рика, Эквадор, Панама, Парагвай, Перу жана Уругвай добуштардын байкоочулардын көзөмөлүндө ачык-айкын саналышын талап кылган билдирүү таратышкан. Ошол эле маалда Аргентинанын президенти Хавьер Милей добуш берүүнүн биринчи жыйынтыгы чыга электе эле Мадуронун жеңишин тааныбай турганын билдирген.
Венесуэла өкмөтү муну шайлоого кийлигишүү катары баалады. Бийлик эл эркин жана мыйзамдуу добуш бергенин белгиледи.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция Каракаста нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Митингчилер шаардын көчөлөрүндө дөңгөлөктөрдү жана таштандыларды өрттөп, полицияга таш жана Молотов коктейлдерин ыргытышууда.
Венесуэланын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, баш аламандык учурунда 23 аскер кызматкери жарадар болгон.


















