Рим папасына Россия Федерациясындагы адам укуктары боюнча акыйкатчысы Татьяна Москалькованын каты тапшырылды. Бул маалыматты ТАСС агенттиги жазды.
Ал катта Украинадагы тынч жүргөн орус жарандарынын кайтып келишине көмөк көрсөтүү өтүнүчү жазылган.
“Рим папасы Лев XIV Россия Федерациясындагы Адам укуктары боюнча акыйкатчысы Татьяна Москальковадан Украинадан тынч жүргөн орус жарандарынын кайтып келишине көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кат алган, Ватикан Москвага бул үчүн колдон келгендин баарын жасоону убада кылды”, – деп айтылат маалыматта.
Москалькова өзүнүн каты Рим Папасына тапшырылгандыгын билдирип, Украинадагы орус жарандыгы бар элдерди Россияга өткөрүп берүүгө ынандыруу үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн кошумчалаган.
Буга чейин акыйкатчы Сума жана Курск облусттарында 30 тургун калганын билдирген. Буга байланыштуу ал Рим папасына кат жолдоп, орус жарандарын кайтарууга жардам берүүнү суранган.
Ал белгилегендей, аталган облусттардын тургундарын бошотуу боюнча Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн контекстиндеги милдеттенмелер жана макулдашуулар аткарылат деген үмүтүн кошумчалаган.

















