АКШ Орусия менен кызматташуусунан улам Түркияны эл аралык SWIFT төлөм системасынан жана доллар менен төлөмдөрдү токтотуу менен коркутууда.
Бул тууралуу «Ватан» партиясынын төрага орун басары Хакан Топкурулу билдирди, деп маалымдайт Lenta.ru.
Анын айтымында, буга байланыштуу Анкара Москва менен сооданы кыскартууга мажбур.
«Түркия Вашингтондун кысымына каршы тура албайт», – деп белгиледи саясатчы.
Буга чейин АКШ үстүбүздөгү жылдын сентябрынын ортосунан тарта Түркия менен Орусия жүргүзгөн банк операцияларына көзөмөлдү кескин күчөткөнү белгилүү болгон. Мындан кийин эки тараптуу төлөмдөрдүн абалы начарлай баштады. Америкалык каржы органдарынын өкүлдөрү акча которуу булактарын сурап жатканы маалым болду.



















