Вашингтондогу Рейган аэропортуна жакын жерде аскердик тик учак менен кагылышкан жарандык учак Потомак дарыясына кулап түштү.
Америкалык сенатору Тед Круз окуянын натыйжасында курман болгондор бар экенин билдирди.
АКШнын Федералдык Авиация башкармалыгы (FAA) бул 70 жүргүнчүнү батыра ала турган Bombardier CRJ700 жүргүнчү учагы экенин тактады.
CNN телеканалынын маалыматына караганда, учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Ал эми учак менен кагылышкан Black Hawk тик учагынын бортунда үч аскер кызматкери бар. Алардын тагдыры тууралуу азырынча маалымат жок.
Ошол эле учурда FAA тик учак Sikorsky U-60 аскердик тик учагы болгонун билдирди.
Маалымакта караганда, Bombardier учагы Канзас штатындагы Уичита шаарынан Вашингтонго үзгүлтүксүз каттам аткарып келген.
Соцтармактарга жарыяланган видеодон Потомак дарыясынын жээгиндеги аба майданга конуу үчүн жапыз учуп келе жаткан учактын башка аба транспорту менен кагылышып, жарылуу болгонун көрүүгө болот.
Жергиликтүү NBC телеканалы маалымдагандай, суудан төрт адам куткарылды. Дарыядагы температура болжол менен 1,6 градус, ошондуктан тез гипотермия коркунучу бар. Мындай температурада адам 10-15 мүнөттүн ичинде гипотермиядан эсин жоготот.
Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.




















