АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) 1-июлдан тарта тышкы жардам программаларын башкарууну расмий түрдө токтотот, анын кээ бир программалары Мамлекеттик департаментке өткөрүлүп берилет.
Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылат.
“1-июлдан тарта USAID тышкы жардам көрсөтүү программаларын башкарууну расмий түрдө токтотот. Администрациянын саясатына шайкеш келген жана Американын кызыкчылыктарын алдыга жылдыруучу жардам программалары Мамлекеттик департамент тарабынан башкарылат”, – деген ал.
Рубио салык төлөөчүлөрдүн каражаттары америкалыктардан «алыскы» мамлекеттердеги «иштебеген» өкмөттөрдү каржылоо үчүн жумшалбашы керектигин белгиледи.
“Алдыда биздин жардамыбыз максаттуу жана убакыт менен чектелет. Биз өздөрүнө жардам берүү жөндөмдүүлүгүн да, каалоосун да көрсөткөн өлкөлөргө артыкчылык беребиз жана биз ресурстарыбызды алар мультипликативдик эффект бере турган жерге багыттайбыз. Ошондой эле жеке сектордун туруктуу инвестицияларын, анын ичинде АКШ компанияларынан жана глобалдык инвестицияга түрткү беребиз”, – деп кошумчалады Рубио.
ЮСАИДдин башчысынын милдетин аткаруучу да болуп дайындалган Рубио буга чейин өкмөт агенттиктин программаларын каржылоо азыркы администрациянын эл аралык саясатына ылайык келер-келбесин аныктоо үчүн агенттикти «жогорудан төмөнкү баскычтарга чейин» текшере турганын айткан. Анткени анын пикиринде USAID АКШга «зыян үчүн» акча коротуп келген.
Lancet илимий журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, USAIDдин каржылоосунун кескин кыскарышы 2030-жылга чейин 14 миллиондон ашык адамдын өлүмүнө, анын ичинде 4,5 миллиондон ашууну балдардын каза болуусуна алып келиши мүмкүн.

















