Британ өкмөтү санкция тизмесине 30 жаңы берене кошту. Анын ичинде Россия, Индия жана Түркиядан 3 жеке жана 27 юридикалык жактар бар. Чектөөлөр коргонуу өнөр жай ишканаларына, илимий-изилдөө институттарына жана компанияларына тиешелүү.
Бул тууралуу Улуу Британиянын Каржы министрлигинин билдирүүсүнө таянып РБК басылмасы жазды.
“Консолидацияланган тизмеге 30 пункт кошулду, алар азыр активдерди жана трасттык кызматтарды тоңдуруу түрүндөгү санкцияларга дуушар болушат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, санкциялык тизмеге үч жеке жана 27 юридикалык жак, анын ичинде илимий-изилдөө институттары, заводдор жана конструктордук бюролор кирет. Атап айтканда, “Синвент” техникалык системалар илим-изилдөө институту, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Брянск химия заводу, “Икар” эксперименталдык конструктордук бюросу, химия өнөр жайынын “Анозит” федералдык мамлекеттик ишканасы, оптоэлектрондук жабдууларды чыгаруучу “Протон” АКсы жана башкалар.
Лондон Россияга каршы санкциялардын жаңы пакетинин бир бөлүгү катары Кытай, Индия, Түркия жана Таиланддан келген компанияларга да чектөө чараларын киргизди. Ошентип, Гонконгдо 3, Таиландда 3, Индияда 1 жана Түркияда жайгашкан 1 компания чектөөгө дуушар болгон.
Индиялык Hayers Infotech Private Limited компаниясынын чектөөлөргө дуушар болгондугунун себеби, өткөн жылдын октябрь айында Shreya Life Sciences фармацевтикалык компаниясы менен биргеликте 2022-жылдын февраль айынан бери Россияга 434 миллион долларлык жогорку технологиялык товарларды экспорттогон. Муну Bloomberg агенттиги жазды.
Ал эми Түркиядан өнөр жай жабдууларын экспорттогон Mastel Machine Import Export Limited компаниясы чектөөгө алынды.
Улуу Британиядан тышкары АКШ, Евробиримдик бул өлкөлөрдүн уюмдарын чектөөлөрдү айланып өтүүгө көмөктөшкөн деген айып менен санкциялык тизмеге дайыма кошуп турушат.
Лондондун айыптоолоруна Украинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин же көз карандысыздыгын туруксуздаштыруу же бузуу, орус өкмөтү үчүн стратегиялык мааниге ээ секторлордогу ишмердүүлүктөн пайда көрүү жана башкалар кирет.



















