Россиянын Улуттар Уюмунун Венадагы өкүлчүлүгүндөгү элчиси Михаил Ульянов “Россия 24” телеканалына берген маегинде Батыштын Иранга каршы резолюция кабыл алуу саясатын сынга алды.
“Батыш өлкөлөрү – Германия, Англия жана Франция – Ирандын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен жигердүү кызматташтыгынын жоктугуна мындан ары унчукпай карап тура албастыгын айтып жатышат. Бирок ушуга окшош окуялар бир нече жылдар бою болуп келген жана Иранга каршы резолюция же ага каршы билдирүү кабыл алуу сыяктуу кадамдар ар дайым Ирандын жообу менен коштолорун баары билиши керек. Азыркыга чейин мындай билдирүүлөр же резолюциялар азыркы көйгөйлөрдү чечүүгө эч качан жардам берген эмес. Бирок биздин батыш жана европалык өнөктөштөрүбүз ошол эле жолду улантып жатышат. Америкалыктар бул демилгеге салкын мамиле кылышты, акырында алар да бул резолюцияны «макул» деп добуш беришти, бирок кол койгондордун тизмесине алардын ысымдарын кошушкан жок.”, – деп билдирди Ульянов телеканалга берген маегинде.
Ал Иран бул аракетке ылайыктуу түрдө жооп бериши мүмкүн экенин айтып, мындай резолюциянын Ирандын президенти менен Тышкы иштер министри каза болгондон бир нече күндөн кийин гана чыгышы адамгерчиликке жатпай турганын белгиледи.
“Бул резолюциянын авторлорунун саясий жана дипломатиялык ой-пикирлери болгон эмес жана ал резолюциянын жалпы мазмуну интеллектуалдык дипломатиядан кабар бербейт. Ирандыктар сөзсүз түрдө жооп беришет. Тилекке каршы, ал жооп Тегеран менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин мамилесинде дагы көп көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн”, – деди Россиянын Венадагы өкүлү.
5-июнда МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Евроүчтүк өлкөлөрү – Германия, Франция жана Улуу Британия сунуштаган “анти-ирандык резолюцияны” кабыл алган. Резолюция үчүн 20 өлкө, Россия менен Кытай каршы добуш берсе, Алжир, Индия, Индонезия, Түркия жана Түштүк Африка баш болгон 12 өлкө калыс калган. Евроүчтүктүн резолюциясы Иранды МАГАТЭ менен кызматташууга чакырат.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги бул резолюциянын кабыл алынышын айыптап, ал Ислам Республикасын тынчтык максаттагы өзөктү өнүктүрүүдөн баш тартууга мажбурлабай турганын баса белгиледи. Ошол эле маалда Ислам Республикасынын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Мохсен Назири Асл Ирандын ыктымал жооп чарасы үчүн жоопкерчиликти Европа үчтүгүнүн өлкөлөрүнө жүктөдү.
Белгилей кетсек, Иран өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин катышуучуларынын арасында эң текшерилген өлкө болуп саналат. Тегеранда өзөктүк курал жок экенин МАГАТЭ да тастыктаган.



















