Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

УКМК Төрагасы К. Ташиевге коркутуу катын таштаган адам кармалды

  • Башкы жаңылыктар
  • 25.11.2024 10:19

Loading

КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге коркутуу катын таштаган адам аныкталып, өздүгү такталды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Бул кат боюнча УКМК расмий түрдө мындай билдирүү тараткан:

“УКМК башчысы генерал-полковник К.К.Ташиевтин дарегине түшкөн жашыруун катка байланыштуу түзүлгөн олуттуу жагдай боюнча, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун атайын тапшырмасына ылайык – УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө-оперативдүү тобу түзүлгөн.

Тема боюнча

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026

Текшерүүнүн алкагында, чогултулган материалдардын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-122-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча, башкача айтканда, адамды же анын жакындарын өлтүрүүгө даярдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн натыйжасында мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар, кийин ооган чек арасында чектелген аскердик контингенттин курамында кызмат өтөп, аскердик тажрыйба жана конспирация көндүмдөрүнө ээ болгон КР жараны «Ж.А.С.» аныкталды. Ошол эле учурда 1994-жылдан тартып «Ж.А.С.» КРнын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Тергөө-оперативдүү тобу тарабынан «Ж.А.С.»-нын жогоруда аталган анонимдүү коркутуу каттын автору экендиги аныкталды.

1 of 13
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

11.

12.

13.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Ж.А.С.»-нын узак убакыт бою жогоруда белгиленген акцияга даярдык көрүү жана өзгөчө оор кылмыш жасоого катыштыгын жашыруу үчүн атайын шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды пландаштырганы аныкталды. Алсак, «Ж.А.С.» коркутуу максатында генерал-полковник К. К. Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине киши өлтүрүү коркунучу бар электрондук форматтагы анонимдүү катты даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген.

Белгилей кетсек, «Ж.А.С.» өздүк маалыматтарын жашыруун сактоо максатында, белгилүү жашаган жери жок «Б. М. М.» аттуу адамды ишке тарткан. Ал азык-түлүк түрүндөгү сый акы үчүн, жашыруун катты камтыган конвертти УКМКнын Коомдук кабылдамасына жеткирген. «Ж.А.С.» кармалып, ага жогорудагы кылмыш боюнча айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленди.

Кылмыш ишинин алкагында коркутуулар жазылган жашыруун кат даярдалып жаткан компьютерлер, конвертке мөөр басылган сүргүчтүн үлгүлөрү алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана аны жасоонун себептерин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн чет мамлекеттердин атайын кызматтарына жана деструктивдүү күчтөргө «Ж.А.С.» тиешеси бар экендиги аныкталды, алардын чоо-жайы тергөөнүн тартибине ылайык сыр бойдон сакталат.

КР УКМК – улуттук коопсуздук органдары коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөштү улантарын, ал эми мындай фактыларга өлкө мыйзамдарынын алкагында катуу тыюу салынарын эскертет”.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: К. Ташиевкаткоркутуукоркутуу катКРнын УКМК
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иран АКШнын «экономикалык терроризмине» байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине кат жолдоду

Иран АКШнын «экономикалык терроризмине» байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине кат жолдоду

27.08.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдик мигранттар текшерилди

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдик мигранттар текшерилди

04.06.2026
Трамп Кубаны басып алуу менен коркутуп, аралга учак ташуучу кеме жөнөтөрүн билдирди

Трамп Кубаны басып алуу менен коркутуп, аралга учак ташуучу кеме жөнөтөрүн билдирди

02.05.2026
УКМКны кандай реформа күтөт? Президенттин жообу

УКМКны кандай реформа күтөт? Президенттин жообу

21.02.2026
УКМК: Кылмыш иштерин комиссия эмес, сот жана прокуратура гана текшере алат

УКМК: Кылмыш иштерин комиссия эмес, сот жана прокуратура гана текшере алат

20.02.2026
Мыйзам жана элдин тынчтыгы баарынан жогору: Президент акыркы кадрдык чечимдер тууралуу түшүндүрмө берди

Мыйзам жана элдин тынчтыгы баарынан жогору: Президент акыркы кадрдык чечимдер тууралуу түшүндүрмө берди

13.02.2026
Камчыбек Ташиев минкаб төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду

Камчыбек Ташиев минкаб төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду

10.02.2026
“Мен утулсам дагы, кыргыз эли утат. Коррупцияга каршы күрөштү акырына  чыгарабыз!” – К. Ташиев

“Мен утулсам дагы, кыргыз эли утат. Коррупцияга каршы күрөштү акырына чыгарабыз!” – К. Ташиев

10.12.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.