УКМК кызматынын Ош облусу жана шаардык башкармалыгы төрт чиновникти кармаганын билдирди.
Алар: Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимов, Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошев, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашим Семетеев жана Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Иляз Сансызбаев.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалгандардын баары 18-сентябрга чейин камакта калтырылды. Алар КР КЖКнын 337-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык (этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), шек саналууда.
Сансызбаев айыл өкмөт башчы болгонго чейин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы башчысы болуп иштеген.
Бирок шектелип кармалгандар кайсы иш боюнча камакка алынганы азырынча ачыктала элек.
Ушул жылдын 14-июлунда катуу жааган жаандан улам, Ош шаарында жана бир катар райондордо адаттан тыш сел жүрүп, жүздөгөн үйлөр, мекемелер, соода жайлар жабыркап, беш адамдын өмүрү кыйылган. Селден улам калаанын борбордук базарына чейин топон суу кирип, сатуучуларды чыгымга учураткан.
Жергиликтүү бийлик базарды сел каптаганынын себебин – буга чейин мыйзамсыз салынган көпүрөлөр себеп болгонун айтышкан. Мындан улам УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ошто жыйын өткөрүп, тиешелүү адамдарды жоопкерчиликке тартууну тапшырган.



















