9-октябрдын кечинде УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов кармалды. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга – 9-декабрга чейин камоо чечимин кабыл алып, атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Бирок соттун мындай чечимин уккан соң Т. Салимов заматта ооруп калгандыктан, абак жайына медициналык тез жардам кызматынын унаасы менен медиктер жана чекисттердин коштоосунда жеткирилди.
Демейде акты кара, жакшыны жаман, бирди миң кылып көбүртүп-жабыртканга адистешкен айрым массалык маалымат каражаттары менен социалдык тармактардын колдонуучулары Т. Салимов Камчы Көлбаевдин кудасы болгондугу үчүн гана кармалды деп чындыкты теңирден тескери бурмалап жазышууда же ушундай өңүткө басым жасашууда. Ал тургай кайсы бир сайт ыкчам түрдө “Мадина” базарында соода-сатык менен алектенген адамдардын бир коляскада отурган майып кишинин жанында туруп алышып он минуталык Президент С. Жапаровго жана УКМК төрагасы К. Ташиевге кайрылышып, үй камагына чыгарып коюуну өтүнгөн видеосун тартып, интернеттен жайып жиберүүгө үлгүрдү.
Эгер булардын айтканына ишене турган болсок, жашы жетимишке таяп калган Т. Салимов эч кимге жамандык жасабаган, дин жолунда жүргөн такыба мусулман экен. Өзүнүн менчик базарынын чок ортосуна жана шаардын дагы бир жерине мечит куруп бериптир. Көптөгөн жардамга муктаждарга кайрымдуулук иштерин жасаптыр. Алар майып кишинин жанына туруп алышып, эки адамдын коштоосунда Меккеге ажылыкка барып келүүсүн каржылагандыгы сүрөт, видеолору менен коштолуп кайра кайра айтылды. Мындан тышкары өткөн жылы Тажикстан Баткен тараптан кол салганда ал жакка эки КАМАЗ гумжардам жеткиргендиги баса белгиленди. Айтор, Т. Салимов суудан таза, сүттөн ак, пайгамбардан кийинки эле периште экен.
Бир адамдын майып кызынын дарылануусуна жардам бергендиги да айтылып өттү. Эгер элдин ушул сөздөрү чын болсо, анда Т. Салимовдун соопчулук иштери кабыл болуп, жардам алгандар тилегине жетсин. Менимче, Турсунтай байбача бул кайрымдуулук вазийпасын элди өтө эле жакшы көрүп кеткендигинен эмес, Кудай алдында мурда-кийин жасаган күнөөлөрүнөн арылуу үчүн жасагандыр. Ал буга окшогон кайрымдуулук иштерин мындан он, жүз эсе көп жасоого милдеттүү. Себеби аны ошол базардагы соодагерлер миллиардерге айлантып, араб шейхтеринен кем калбаган байлык топтоду. Кудай алдында да өмүрү кутулуп бүтпөй турган күнөөлөрү көп. Өзү болсо сот имаратында К. Көлбаев менен куда эместигин, аны менен кошуна жашагандыктан гана бет келишип калганда салам-алик алышып жүргөндүгүн айтып калп сүйлөдү.
Деги эле отуздан жылдан ашык базардын арты менен миллиардерге айланган бул адам мектеп салып, көчөлөрдү оңдоп, жок эле дегенде ошол өзүнүн жеке менчик “Мадина” базарынын чет жакасын иретке келтирип, сатуучулар менен соода кылганы алыс-жакындан келген кардарларга түзүгүрөөк шарт түзүп койсо болмок.
Мамлекеттин башкы коопсуздук органы көрүнгөн эле адамды көчөдөн кармап алып камап койгондой бандиттик топ эмес да. Азырынча Т. Салимовго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренесинин «Уюшкан топко катышуу» бөлүгүнүн негизинде айып коюлууда.
Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүгү жана 37–122 ч.2 п.п.4 жана 18 пункттары менен каралган кылмыш белгилери боюнча айыпталууда.
Алдын ала маалымат боюнча Т. Салимов К. Асанбек жана анын жардамчылары тарабынан куугунтуктоо жана рейдерлик аркылуу талап кылуу жолу менен алынган мүлктү жана активдерди легалдаштырууга катышкан, ошондой эле оор жана айрыкча оор кылмыштарды жасаган бул кылмыштуу топтун 20га жакын активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган.
Т. Салимов аталган адамдардын ичинен узак убакыт бою уюшулган кылмыштык топтордун башчылары менен тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз кирешелерин көбөйтүп турган жана ал топтордун ишмердигин колдогон.
К. Асанбек тобунун кылмыш ишмердигине келсек, Т.Салимов алардын ишин улантуу үчүн туруктуу негизде “общакты” каржылоого катышканы, ошондой эле сот системасынын жана укук коргоо органдарынын коррупцияланган кызматкерлерин сатып алуу менен жазадан качуу аракеттерин колдогону аныкталган.
Ошондой эле, Т.Салимов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелерине “аралашууну” жүргүзүп, тек уюшулган топтун мүчөлөрүнүн материалдык абалын колдоого жана алар үчүн шарттарды жакшыртууга каражат бөлүп турганы белгилүү болгон.
Алынган маалыматтарга ылайык, Т. Салимов К. Асанбек жана анын кылмыштуу байланыштары аркылуу өзүнүн пайдасы үчүн керек учурда аларды пайдаланып, өзүнүн атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуу менен алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээ болууга аракет кылган.
Турсунтай Салимов дагы Камчы Көлбаевди каржылап, 2008-жылдан бери “доля” берип келген. Албетте ал үчүн Көлбаев Салимовду “крышевать” этип жүргөн. Турсунтай Салимов “Мадина” базарында соода кылгандарга кирген товарлардан – чоң машинелерге 1500 доллар, бустарга 700 долларга чейин мыйзамсыз акча чогултуп, ал каражат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун муктаждыктарына жумшалып келген.
Баса, Турсунтай ажыны, ак эле, көк эле, апийимдин гүлү эле деп жактап, коргогондорго төмөндөгү жагдайды эскертип коёлу.
“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”,- демекчи, 2015-жылы милиция кызматкерлери ошол учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимовго таандык оюн-зоок жайда жашыруун сойкукана иштеп келгендигин аныктап, коомчулукта аябай ызы-чуу болгон.
ИИМдин Адам сатууга жана адеп-ахлакка каршы келген кылмыштарга күрөшүү башкармалыгы депутат-ажынын Бишкектин “Чыгыш-5” районунда жайгашкан “Прадо” эс алуу борборун текшеришкенде жашыруун сойкукана иштеп жатканына күбө болушкан.
Аталган башкармалыктын башчысы Саламат Адылов “Прадону” түн ичинде текшерүүгө алганда аталган жай сойкукана болуп чыккандыгын билдирген. Бул боюнча жергиликтүү жашоочулардан да маалымат келип түшкөн. Сойкукананын эки администратору жана интим кызмат көрсөткөн сегиз кыз кармалып, сүрөттөрү интернет аркылуу жамы журтка тараган.
Баарынан таң кала турган жагдай, ошол учурдагы бийлик менен өтө ысык мамиледе болгон Т. Салимов шаарыбыздын чок ортосундагы бала бакчаны ит бекер менчиктештирип алып, сойкуканага айлантып алгандыгы болууда. Милициянын маалыматында, “Прадо” көңүл ачуучу жайы 90-жылдары кадимки эле бала бакча экен. Кийин бул имаратты ишкер Турсунтай Салимов сатып алып, сайрандоочу жайга айландырган. Бала бакчаны мамлекет эсебине кайтарып алуу боюнча буга чейинки соттошуулар депутаттын пайдасына чечилген. Демек, ал бийликти акчасына сатып алып, сотторду каалагандай чечим чыгарууга мажбурлаган.
Турсунтай Салимов ошол кезде Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты болгондугун да кошумчалай кетели.
Эл алдында минтип абийири аштай төгүлгөндөн кийин ал актанып, душмандары ушундай каралоо иштерин жасагандыгын айтып жанын жеген. Бирок сойкуканадан дырдай жылаңач кыздардын тартылган фотосу менен видеосун жокко чыгара албай, саясатка аралашкан 4 жылдан бери базарды да, “Прадону” да башка адамдарга өткөрүп, ишкерликтен алыстагам деп Кудайды да алдаган. Анын айтымында, аталган жайдагы саунаны башка адамдар ижарага алып иштетип жүргөн экен. Ошондой болушу мүмкүн, бирок кожоюн катары ижарага алгандар эмне иш кылып жаткандыгын билиш керек эле да. Эмне милиция кылаарга иши жок калып бул жайды текшериптирби. Укук коргоо органына жергиликтүү жашоочулар сойкукананын ишин токтотуу үчүн бир нече ирет кайрылышкан.
Эгер эсиңиздерде болсо, ошол учурда “Кыргыз чоролору” деген кыргыздын намыстуу жигиттери борборубуздагы сойкуканаларды текшерип, алардын баардыгынын эле ээлери ЖК депуттары, таасирдүү адамдар экендигин аныкташкан.
Көрсө, Т. Салимов ажы болуп туруп сойкукана иштеткенден тышкары кылмыш дүйнөсүн да каржылап, алар аркылуу чет өлкөдөн ташыган товарын аткезчилик жол менен бажы кызматынан өткөрүү менен мамлекетибиздин казынасына да оңбогондой зыян келтирген экен.
Эмилбек Момунов.