АКШнын президенти Дональд Трамп Газа боюнча «Тынчтык кеңешин» түзүү жөнүндө жарыялап, дүйнө лидерлерине кеңешке кирүү сунуштары менен чакырууларды жөнөттү.
2025-жылдын ноябрь айынын ортосунда БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШ тарабынан сунушталган Газа секторундагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган Дональд Трамптын ар тараптуу планын колдогон резолюцияны жактырган. Резолюцияны Кеңештин 15 мүчөсүнүн 13ү колдоп добуш берсе, Орусия менен Кытай добуш берүүдөн карманышкан.
АКШнын Газа боюнча планында секторго убактылуу эл аралык башкаруу киргизүү жана Трамптын төрагалыгы астында «Тынчтык кеңешин» түзүү каралган.
«Тынчтык кеңеши» деген эмне жана ал эмне иштер менен алектенет?
2026-жылдын 16-январында Дональд Трамп Газа боюнча «Тынчтык кеңеши» түзүлгөнүн расмий жарыялады.
Ошол эле күнү Трамп Truth Social социалдык тармагында: “Мен бул кеңеш каалаган жерде, каалаган убакта чогулган эң улуу жана эң престиждүү кеңеш экенин ишенимдүү түрдө айта алам”, – деп жазды.
Ошондо Ак үй дүйнөлүк лидерлерге чакырууларды жөнөткөнү белгилүү болду.
Bloomberg агенттиги булактарга таянып маалымдагандай, чакыруу каттары менен кошо дүйнө лидерлерине уюмдун хартиясы да жөнөтүлгөн. Анда кеңештин негизги максаты катары:
- туруктуулукту колдоо;
- мыйзамдуу жана ишенимдүү башкарууну калыбына келтирүү;
- жаңжалдан жабыркаган же чыр-чатак коркунучу алдында турган аймактарда туруктуу тынчтыкты камсыздоо.
Financial Times жазгандай, документте «тынчтыкты бекемдөө үчүн ийкемдүү жана натыйжалуу эл аралык орган түзүү зарылдыгы» белгиленген. Bloomberg белгилегендей, сынчылар Дональд Трамп БУУга альтернатива түзүүгө аракет кылып жатат деп чочулашууда. Трамп буга чейин БУУну бир нече жолу сындап, уюм өзүнүн натыйжалуулугун жоготту жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара албай калды деп билдирген.
Хартияга ылайык, кеңештин туруктуу мүчөсү болуу үчүн өлкө биринчи жылы 1 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө каражат төлөшү керек. Бул каражаттын баары Газаны калыбына келтирүүгө жумшалат.
Кеңеште ар бир мамлекет бир добушка ээ болот. Чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, бирок ар бир чечимди кеңештин төрагасы – Дональд Трамп бекитет. Ошондой эле уюмдун акыркы мүчөлөрүнүн тизмесин да ал бекитет.
Добуш берүү жылына жок дегенде бир жолу өткөрүлөт. Мындан тышкары, төрага ылайыктуу деп тапкан убакта жана жерде кошумча жыйындар уюштурулат. Добуш берилбеген жолугушуулар кварталына кеминде бир жолу өтөт.
Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, кеңештин түзүлгөнү тууралуу расмий билдирүү 19–23-январь күндөрү Давосто өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумда жасалышы мүмкүн.
Кеңештин мүчөлөрү Газадагы тынчтык планынын татаал экинчи этабын ишке ашыра турган аткаруу комитетин жетектейт, ал эл аралык коопсуздук күчтөрүн жайгаштырууну, ХАМАСты куралсыздандыруу жана согуштан талкаланган аймакты калыбына келтирүүнү камтыйт.
«Тынчтык кеңешине» кимдер кирди?
16-январда Ак үй кеңештин аткаруучу мүчөлөрүнүн курамын жарыялады. Ага төмөнкүлөр кирди:
- Дональд Трамп – кеңештин төрагасы;
- АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио;
- АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф;
- Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер;
- Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр;
- америкалык ишкер Марк Роуэн (Forbes анын байлыгын 8,2 млрд доллар деп баалайт);
- Дүйнөлүк банктын жетекчиси Аджай Банга;
- АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Роберт Гэбриэл.
Ошондой эле улук кеңешчилер катары:
- АКШнын Федералдык сатып алуулар кызматынын комиссары Жош Грюнбаум;
- АКШнын Израилдеги элчисинин мурдагы улук кеңешчиси Арье Лайтстоун көрсөтүлгөн.
Газадагы жогорку өкүл болуп болгариялык дипломат Николай Младенов дайындалды. Ак үйдүн маалыматына караганда, кеңештин жаңы мүчөлөрү жакынкы апталарда жарыяланат.
Кеңешке дагы кимдер чакырылды?
Орусиянын президенти Владимир Путинге да чакыруу жөнөтүлгөн. Анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков президенттик администрация “бул сунуштун бардык деталдарын изилдеп жатканын” жана “бардык нюанстарды тактоо үчүн Америка тарап менен байланышууга үмүттөнөрүн” белгиледи.
Financial Times жазгандай, Трамп Путинди кеңешке чакыруу менен Москва менен диалогду сактап калууну көздөгөн.
Чакырылгандардын так тизмеси жана алардын саны белгисиз. Бирок өкмөттөр менен ЖМКлардын маалыматына ылайык, алардын арасында:
• Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан (чакырууну кабыл алды);
• Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин башкы катчысы То Лам (чакырууну кабыл алды);
• Иорданиянын падышасы Абдалла II;
• Европа Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен;
• Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз;
• Индиянын премьер-министри Нарендра Моди;
• Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис;
• Кипрдин президенти Никос Христодулидис;
• Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф;
• Канаданын премьер-министри Марк Карни;
• Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев;
• Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган;
• Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси;
• Парагвайдын президенти Сантьяго Пенья;
• Аргентинанын президенти Хавьер Милей;
• Албаниянын Министрлер Кеңешинин төрагасы Эди Рама;
• Бразилиянын президенти Лула да Силва;
• Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони;
•Жаңы Зеландиянын премьер-министри Кристофер Лаксон;
• Беларусиянын президенти Александр Лукашенко.















