АКШнын президенти Дональд Трамп шейшембиде Украинанын президенти Владимир Зеленскийден тынчтык диалогун баштоого даяр экенин билдирген “кат” алганын билдирди.
Трамп бул тууралуу АКШ Конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө билдиргенин “ТАСС” агенттиги жарыялады.
АКШнын президентинин айтымында, Зеленский өз катында Киев ресурстар боюнча келишимге кол коюуга даяр экенин белгилеген.
“Мен бүгүн Украинанын президенти Зеленскийден маанилүү кат алдым. Катта Украина узак мөөнөттүү тынчтыкты жакындатуу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк сүйлөшүү үстөлүнө отурууга даяр экени айтылат”, – деди ал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы менен Сенатында өлкөдөгү кырдаал, ички жана тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз сүйлөп жатып.
Катта Украинанын президенти жана анын командасы узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү үчүн Трамптын “күчтүү жетекчилиги астында иштөөгө даяр” деп кошумчалады америкалык лидер.
Зеленский ошондой эле кайрылуусунда Украина каалаган убакта ресурстар боюнча келишимге кол коюуга даяр экенин белгиледи.
“Кен байлыктар жана коопсуздук келишимине келсек, Украина ага биз үчүн ыңгайлуу болгон каалаган убакта кол коюуга даяр. Мен анын бул катты жибергенин баалайм. Мен аны жаңы эле алдым”, – деди Трамп.
Буга чейин 12-февралда Трамп президент Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшсө, 18-февралда Эр-Риядда эки өлкөнүн делегацияларынын биринчи жолугушуусу болду. Эки учурда тең Украинадагы жаңжалды токтотуу темасы көтөрүлуп, Орусия тарап да тынчтыкка даяр экенин билдирген.
Эскерте кетсек, 28-февралда Трамп менен Зеленский “Сүйрү” залда кайым айтышкандан кийин Америка президенти украин лидери тынчтыкты каалабай турганын айткан. Жыйынтыгында АКШ тарап украин делегациясынын Ак үйдөн чыгып кетишин талап кылган. Кен байлыктар боюнча келишимге кол коюу да үзгүлтүккө учураган болчу.
Ал эми 4-мартта Украинанын президенти 28-февралда Ак үйдө өткөн жолугушууда АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон кайым айтышууга өкүнүчүн билдирди.
“Украиналыктардан башка эч ким тынчтыкты каалабайт”, – деп жазды ал X социалдык тармагына.
Зеленский кечирим сураган жок, бирок “баарын оңдоого убакыт келгенин” белгилеген.
Анын айтымында, жолугушуу күтүлгөндөй болгон эмес. Ошентсе да Киев тынчтыкты жакындатуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр бойдон калууда.















