АКШнын президенти Дональд Трамп Түркияны орус мунайын сатып алууну токтотууга чакырды. Мындай билдирүүнү ал Ак үйдө түрк кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу учурунда жасаганын ТАСС агенттиги жазды.
“Мен анын Россиядан мунай сатып алуусун токтотушун каалайт элем”, — деди Трамп.
Кийинчерээк ал Эрдоган Украинадагы маселени жөнгө салууда “олуттуу таасир тийгизе алмак” деп кошумчалады жана түрк лидери нейтралдуу позиция карманып жатканын айтты.
“Анын жасай ала турган эң жакшы нерсеси – бул Россиядан мунай жана газ сатып албоо”, — деди Трамп.
2025-жылдын январь айында Hürriyet гезити Түркиянын Энергетикалык базарларды жөнгө салуу башкармалыгынын (EPDK) маалыматтарына таянып, 2024-жылы да, мурунку жылдагыдай эле, Россия Түркия үчүн жаратылыш газын, мунайды жана мунайзаттарды негизги жеткирүүчү бойдон калганын кабарлаган.
13-сентябрда Трамп НАТОнун бардык өлкөлөрү орус мунай сатып алууну токтоткондон кийин гана Росссияга каршы санкцияларды киргизүүгө даяр экенин билдирген.


















