АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүү пландары жөнүндө билдирди. Сүйлөшүүдө эки өлкө ортосундагы соода байланыштары талкууланмакчы.
ТАССтын маалыматына ылайык, Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы Сүйрү кеңседеги сөзүндө айтты.
🗣 «Мен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшөм. Биздин мамилебиз абдан жакшы. Биз бири-бирибиз менен жакшы тил табышабыз, бирок Байдендин саясатынан улам биздин соода тармагындагы таңсыктыгыбыз 1 триллион доллардан ашып кетти», – деди Трамп.
Анын айтымында, АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода таңсыктыгы 1,2 триллион долларга жеткен. Трамп бул маселени буга чейин да талкуулаганын жана кайрадан көтөрүүнү көздөп жатканын белгиледи. Ошондой эле, сүйлөшүүдө бажы төлөмдөрү жана баңгизаттар менен күрөшүү маселелери да каралмакчы.
💬 «Биз Кытай менен аскердик жаңжалга баргыбыз келбейт, бирок эгер согуш башталып кетсе, биздин куралдуу күчтөр ар кандай кырдаалга даяр болот», – деп кошумчалады АКШнын президенти.
Буга чейин Трамп 2025-жылы Си Цзиньпин менен жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүн четке какпаганын билдирген.


















