АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен эртең, 18-мартта телефон аркылуу сүйлөшүүнү пландап жатканын билдирди.
Бул маалыматты ТАСС агенттиги жазды.
“Менин оюмча, биз Орусия менен жакшы мамиледебиз. Карап көрөлү, балким шейшембиге чейин жарыялай турган нерсебиз бардыр. Шейшембиде президент Путин менен сүйлөшөм”, – деди америкалык лидер Ак үйдүн басма сөз кызматына.
Трамп Путин менен сүйлөшүү учурунда аймактар аралык маселелерди талкуулоо ниетинде экенин белгиледи.
Тараптар буга чейин көптөгөн маселелерди талкуулашкан.
“Жер, ТЭЦ боюнча сүйлөшөбүз, анткени булар чоң маселелер”, – деп кошумчалаган ал.



















