Тегеран АКШ армиясын Ормуз кысыгына жакындабоону эскертет, деп Ирандын куралдуу күчтөрүнүн «Хатам аль-Анбия» борбордук штабынын командири Али Абдоллахи билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин Ормуз кысыгында калып кеткен кемелерди чыгаруу боюнча «Эркиндик» аттуу операция башталарын жарыялаган. Бул операция Жакынкы Чыгыш убактысы боюнча дүйшөмбү эртең менен башталмак. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдиргендей, операциянын алкагында эсминецтер, учактар жана 15 миң аскер тартылат.
«Ар кандай чет элдик куралдуу күчтөр, айрыкча АКШ Ормуз кысыгына жакындап же кирүүгө аракет кылса, Ирандын куралдуу күчтөрү тарабынан чабуулга алынарын эскертебиз», — деп Абдоллахинин сөзүн Fars агенттиги келтирди.
Ал ошондой эле Иран аскерлери Ормуз кысыгын толук көзөмөлдөп турганын, ал эми танкерлер менен коммерциялык кемелердин өтүшү Ирандын куралдуу күчтөрү менен макулдашуу аркылуу гана ишке ашарын белгиледи.
Ошол эле учурда Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын төрагасы Эбрахим Азизи АКШнын Ормуз кысыгындагы кемелердин өтүшүнө кийлигишүүсү ок атышууну токтотуу режимин бузуу катары бааланарын эскертти.
«АКШнын Ормуз кысыгындагы жаңы деңиз режимине ар кандай кийлигишүүсү ок атышууну токтотуу келишимин бузуу катары каралат», — деп Азизи X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын кырдаалды жөнгө салуу боюнча 14 пунктан турган сунушун “кабыл алынгыс” деп тапканы маалымдалган.
Ирандын негизги талаптарынын катарында төмөнкүлөр камтылган:
— АКШ жана анын союздаштары тарабынан кол салбоо боюнча кепилдиктер;
— чек арага жакын аймактардан америкалык аскерлерди чыгаруу;
— деңиз блокадасын жоюу;
— Ирандын активдерин тоңдуруудан чыгаруу;
— компенсация төлөө;
— санкцияларды толук жоюу;
— бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда, согуштук аракеттерди токтотуу;
— Ормуз кысыгы боюнча кырдаалды жөнгө салуу механизмини түзүү.


















