АКШ президенти Дональд Трамп жана анын администрациясынын өкүлдөрү Ак үйдө америкалык ири мунай-газ компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, Иран менен болгон жаңжалдан улам жаралган энергетикалык кризисти талкуулашты. Бул тууралуу Axios билдирди.
Маалыматка ылайык, АКШ администрациясынан жолугушууга Ак үй аппаратынын жетекчиси Сьюзан Уайлс, каржы министри Скотт Бессент, президенттин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана ишкер Джаред Кушнер катышты. Компания жетекчилеринин арасында Chevronнын башчысы Майкл Уирт да болду.
Axios белгилегендей, Трамп жана АКШ Конгрессиндеги республикачылар өлкө ичинде бензиндин баасынын өсүшүнүн саясий кесепеттерине даярданып жатышат. Бул өсүш дүйнөлүк мунай баасынын жогорулашына байланыштуу болуп, Ормуз кысыгындагы кырдаалдан улам мунай жеткирүүлөрүнүн кыскарышы менен түшүндүрүлөт. Энергетика тармагындагы белгисиздик мунай-газ корпорацияларына да таасирин тийгизүүдө. Портал узак мөөнөттүү баа өсүшү америкалык күйүүчү майга болгон дүйнөлүк суроо-талапты азайтышы мүмкүн экенин белгилейт.
Америкалык автомобилисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, шейшемби күнү АКШда бензиндин баасы бир сутка ичинде 4,18 долларга (литрине болжол менен 1,1 доллар) чейин көтөрүлүп, 2022-жылдын августунан берки эң жогорку деңгээлге жетти. CNN билдиргендей, мунай фьючерстеринин кымбатташы бензин баасы дагы өсө берерин көрсөтөт.
CNN эске салгандай, апрелдин башында Иран менен жаңжал боюнча элдешүү жарыялангандан кийин АКШда бензин баасы эки жума бою төмөндөгөн. Бирок сүйлөшүүлөр токтоп калган соң күйүүчү май кайра кымбаттай баштаган. Lipow Oil Associatesнын божомолу боюнча, жакынкы бир жума же он күн ичинде бензиндин орточо баасы 4,30 долларга чейин өсүшү мүмкүн.
















