АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен Будапештте жолугушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 16-октябрда кечинде орус лидери менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдиргенин lenta.ru сайты жазды.
«Президент Путин экөөбүз кийин макулдашылган жерде — Венгриянын Будапешт шаарында жолугуп, Россия менен Украинанын ортосундагы согушка чекит коё алабызбы — ошону чечебиз», — деди Трамп.
Путин менен Трамптын жолугушуусу тууралуу Россияда эмне дешүүдө?
Трамптын Будапешттеги саммит тууралуу сөзүн Россия да ырастады. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, саммиттин өтүүчү жайы катары Венгриянын борборун биринчи болуп америкалык лидер атаган, ал эми Россия президенти бул идеяны дароо колдогон.
«Россия менен АКШнын өкүлдөрү Будапештте өтүшү мүмкүн болгон саммитке даярдыкты дароо башташат», — деп билдирди Ушаков.
Ал саммиттин так датасын атаган жок, бирок анын уюштурулушу боюнча талкуулар жакын арада башталарын белгиледи. Ал кошумчалагандай, жогорку деңгээлдеги жолугушууга даярдыкты Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио телефон аркылуу сүйлөшүү менен баштайт.
Россия президентинин чет өлкөлөр менен экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү, Россиянын Түз инвестициялар фондусунун башкы директору Кирилл Дмитриев да эки лидердин сүйлөшүүсү жемиштүү болгонун жана жолугушуу “жакынкы аралыкта” болушу мүмкүн экенин билдирди.
«Будапешт идеалдуу аянтча болуп саналат», — деди Дмитриев.
Венгрияда бул жолугушууга кандай баа беришти?
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Путин менен Трамптын Будапешттеги саммити тууралуу кабарды «мыкты жаңылык» деп атады. Анын кеңсеси да бул сүйлөшүүлөрдү тынчтыкты чыңдоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк катары баалап, венгр өкмөтү мындай “тарыхый жолугушууну” кубануу менен кабыл аларын белгиледи.
«АКШ менен Россиянын президенттеринин пландаштырылган жолугушуусу — дүйнөдөгү тынчтыкты сүйгөн адамдар үчүн эң сонун жаңылык. Биз даярбыз!», — деп белгиледи Орбан.
Анын айтымында, Будапешттеги жолугушууга даярдыктар башталды.
«Жаңы эле президент Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштүм. АКШ менен Россиянын тынчтык саммитине даярдык толук жүрүп жатат», — деди ал.
Будапешт эки лидердин биринчи саммити өтүшү мүмкүн болгон шаар катары жайында эле каралган болчу. Бирок ал жолу жолугушуу АКШнын Аляска штатында өткөн.
Венгрия — НАТО менен Евробиримдиктин мүчөсү, антироссиялык санкцияларга кошулган, бирок ошол эле учурда Россия менен кызматташууну өнүктүрүп жаткан саналуу европалык өлкөлөрдүн бири. Мындан тышкары, Венгрия азыркы учурда Россиянын “дос эмес өлкөлөрүнүн” тизмесине кирбейт.
Путин менен Трамп дагы эмнелер боюнча макулдашышты?
Жогорку деңгээлдеги жолугушуудан тышкары, АКШ президенти Дональд Трамп келерки жумада өтүшү мүмкүн болгон россия-америкалык сүйлөшүүлөрдү да жарыялады.
«Биз сүйлөшүүнүн соңунда келерки жумада жогорку даражалуу кеңешчилерибиздин жолугушуусун өткөрүүнү макулдаштык», — деди Трамп.
АКШ тараптан бул жолугушууга мамлекеттик катчы Марко Рубио катышат. Америкалык делегациянын башка мүчөлөрү жана сүйлөшүү өтө турган жер тууралуу азырынча маалымат берилген жок.
Трамп белгилегендей, сүйлөшүүдө Россия менен АКШнын ортосундагы соода маселелери да козголгон.
Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунан эмнени күтүү керек?
Путин менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 17-октябрда Ак үйгө боло турган сапарынын алдында өттү. Бул тема да алардын сүйлөшүүсүндө козголгон. Ушаковдун айтымында, Трамп украин лидери менен жолукканда Путиндин айткандарын эске алат.
«Президент Зеленский менен эртең Овал кабинетте жолугушабыз. Ал жерде Путин менен болгон сүйлөшүүмдү жана башка маселелерди талкуулайбыз»,— деп билдирди Трамп.
Акыркы күндөрү АКШнын Украинага Tomahawk ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгү да айтылып келген. Бирок Путин менен сүйлөшүүдөн кийин Трамп бул маселе тууралуу сөз кылган жок.
Ушаковдун айтымында, бул тема сүйлөшүүдө козголгон. Путин мындай куралды Украинага берүү Россия менен АКШнын мамилесине жана тынчтык процесстерине терс таасир этерин, ал эми ракеталар “согуш талаасындагы кырдаалды өзгөртө албай турганын” белгилеген.
АКШ тарап Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун мүмкүн жана зарыл деп эсептейт. Бирок азырынча анын Будапешт саммитине катышуусу боюнча Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт эч кандай комментарий берген жок.
«Ал (Трамп) бул жолугушууну (Путин менен Зеленскийдин) мүмкүн деп эсептейт жана ал, албетте, анын өтүшүн каалайт», — деп билдирди Левитт.


















