АКШнын президенти Дональд Трамптын айтымында, Лос-Анжелестин айрым райондорунда акыркы күндөрү болгон окуяларды «көтөрүлүш» деп атоого болот. Бул тууралуу ал Ак үйдө журналисттерге берген маегинде билдирди.
Президент Трамп эгер керек болсо, көтерүлүштү басуу тууралуу 1807-жылдагы мыйзамды колдонууга даяр экенин белгиледи.
«Эгер көтөрүлүш болсо — мен, албетте, бул мыйзамды колдоном. Көрөбүз, бирок сизге айта алам — [Лос-Анжелесте] кечээ түнү да, андан мурунку түн да — коркунучтуу болду», — деди Трамп.
Бул мыйзам президентке өлкө ичиндеги куралдуу күчтөрдү пайдаланууга уруксат берет. Аны акыркы жолу 1992-жылы Лос-Анжелестеги тополоң маалында колдонушкан.
Президентке «көтөрүлүш» деген эмне экенин сурашканда, ал мындай деп жооп берди:
«Кечээ түнү Лос-Анжелесте кээ бир райондордо болгон окуяларды көтөрүлүш деп аташса болот. Бул абдан коркунучтуу болду».
Трамп ошондой эле Улуттук гвардия Калифорнияда «коопсуздук толук калыбына келгенге чейин» кала берерин кошумчалады.
Президент Гэвин Ньюсом менен сүйлөшкөнүн да айтты:
«Мен губернатор менен кечээ сүйлөштүм. Ага өз ишин жакшыраак кылыш керектигин айттым».
Бирок Калифорниянын губернатору Ньюсом бул сөздөрдү четке какты:
«Эч кандай чалуу болгон жок. Добуштук билдирүү да келген эмес. АКШнын көчөлөрүнө деңиз аскерлерин жиберип жаткан президент сүйлөшкөн адамы ким экенин да билбесе — бул америкалыктарды кооптондурушу керек», — деп жазды ал X (мурдагы Twitter) баракчасына.

















