АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге Ак үйдүн аймагында бункер куруу боюнча жашыруун маалыматтарды айтып берди. Бул тууралуу Daily Mail кабарлады.
Америкалык лидер долбоордун деталдары жана баасы тууралуу Air Force One учагында журналисттер менен маектешүү учурунда билдирген. Анын айтымында, чоң аскердик комплекс Ак үйдөгү толук бүтпөгөн бал залынын астына курулат. Бомбоубежищенин баасы 400 миллион долларды түзөт.
Имарат ок өткөрбөс терезелер, химиялык чабуулдардан коргоочу аба тазалоо системалары жана биологиялык коргонуу каражаттары менен жабдылат. Мындан тышкары, ичинде медициналык пункт жана сырттан учкучсуз аппараттарга каршы коргонуу системалары болот.
Буга чейин Трамп бал залын реконструкциялоо маанилүү конокторду кабыл алуу үчүн Ак үйдө орун жетишсиз болгондугу менен байланыштуу экенин айткан.
Мурда Дмитрий Песков Москва облусундагы резиденцияда Владимир Путин үчүн бункер бар деген маалыматка комментарий берип, Путинде бункер жок экенин билдирген. Анын айтымында, мындай активдүү президент андай жайдан иштей албайт.
Ал эми Владимир Зеленский мурда эки жыл бою бункерде жашаганын айткан.



















