АКШ президенти Дональд Трамп Иранга аскердик операция жүргүзүү менен коркутуп жаткан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө артыкчылык берүүгө чакырды.
Журналисттер менен баарлашуу учурунда Трамп Нетаньяху менен болгон телефон сүйлөшүүсү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, эки тарап бир катар маселелерди, анын ичинде Иран темасын талкуулашкан. Бул маселе боюнча америкалык лидер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаган.
«Мен ага: “Сен Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүң керек. Бул жакшы болот. Бул мен бүгүн сага бере турган эң мыкты кеңеш болушу мүмкүн. Ордунан тур да, сүйлөшүүлөрдү башта”, – деп айттым», — деди Трамп.
Ал белгилегендей, АКШнын максаты – кыйроо жана адамдардын өмүрүнүн кыйылышына жол бербеген келишимге жетишүү.
«Мен бул тууралуу ирандыктарга да айттым. Бул жол иштешин каалайм, бирок иштебей калышы да мүмкүн – жакында билебиз», — деп кошумчалады ал.
Трамп ошондой эле бейшемби күнү АКШ менен Ирандын ортосунда байланыш пландалып жатканын билдирди.
«Ага чейин күтүп туралы. Алар (Иран) баш тарткысы келбейт. Бирок алар уран байытуу процессинен баш тартууга тийиш. Ал эми биз, тескерисинче, алардын муну токтотушун каалайбыз», — деди Трамп.
Сүйлөшүүлөр тууралуу сөз кылып жатып, Трамп Иран азырынча АКШ каалаган позицияда эместигин айтты.
«Муну айтууга көңүлүм калат, анткени альтернатива абдан, абдан жаман. Бирок алар али жетише элек. Алар келишим тууралуу өз ойлорун билдиришти, мен болсо: бул кабыл алынгыс – деп айттым», — деп белгиледи америкалык лидер.



















