АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен Израилдин ортосундагы азыркы куралдуу жаңжалдарды токтотуучу келишимге жетишүүгө үмүттөнүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Америкалык лидер АКШ Израилдин коргонуу жөндөмдүүлүгүн колдоону уланта турганын белгиледи. Бирок ал АКШ Израилге Иранга жасалган соккуларды токтотуу өтүнүчү менен кайрылган-кайрылбаганын тактаган жок.
Кийинчерээк Truth Social тармагындагы билдирүүсүндө Трамп Иран менен Израилди Индия жана Пакистан сыяктуу макулдашууга чакырды. Ошондой эле ал биринчи президенттик мөөнөтүндө Сербия менен Косово ортосундагы согуштун алдын алгандагы ролун эске салып, Египет менен Эфиопия ортосунда тынчтыкты сактоого жардам бергенин белгиледи.
«Эгер Индия менен Пакистан келишимге келе алса, анда Иран менен Израил да келишимге жетише алышы керек», — деп жазды Трамп.
Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өлкө өзөктүк курал жасоодон баш тартууну кепилдеген эл аралык келишимге кол коюуга даяр экенин билдирген.
13-июнга караган түнү Израил Иранга «алдын алуу максатында сокку» жасаганын жарыялады. Ошондой эле Израил Тегерандан жооп иретиндеги соккуларды күтүп, өз аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

















