АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдөгү сот тутумун текшерүү керектигин айтып, Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларындагы сотторду эң коррупциялашкан жана радикалдуу деп атады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.
📌 Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Трамп:
“Өлкөбүздүн көпчүлүк жерлеринде сот системасы бузулган. Ал эми Нью-Йорк менен Вашингтон – эң коррупцияланган жана радикалдашкан шаарлар. Бул жасалма система боюнча тез арада иликтөө жүргүзүлүшү керек, антпесе кеч болуп калат”, – деп жазды.
Трамп судья Боасбергди сынга алды
🔹 Трамп АКШнын федералдык судьясы Джеймс Боасбергди “өтө бир тараптуу” деп атады.
🔹 Боасберг буга чейин массалык депортацияны токтотуу жана мигранттар менен толтурулган бардык учактарды кайтаруу тууралуу чечим чыгарган.
🗣️ Трамп:
“Судья” Боасбергге менин иштеримдин төртүнчүсү кайрадан тийип калды! Бул статистикалык жактан мүмкүн эмес. Ал Колумбия округунун башкы судьясы болгону менен, менин иштеримдин бардыгын өзүнө алып жатат. Сот иштеринин кокустук тартипте бөлүштүрүлүшү деген нерсе барбы же ал да жок болуп кеттиби? <…> Кандай болгон күндө да Вашингтондо мен үчүн адилеттүү чечим алуу дээрлик мүмкүн эмес!” – деп билдирди.















