Америка эли акмактардын өлкөсү болуудан чарчады. Бул тууралуу Республикачылар партиясынан АКШнын президенттик кызматына талапкер болгон Дональд Трамп журналист Такер Карлсон менен болгон маегинде айтты.
Трамп АКШнын азыркы президенти Жо Байдендин саясатын сындап, Кошмо Штаттардын нормалдуу өнүгүүсүнө жол бербегени үчүн азыркы президентти “акылсыз акмак” деп атады.
Байден менен вице-президент Камала Харрис «эл душманы» экенин айтып, президенттик азыркы администрацияны катуу сындады.
Демократиялык партиядан президенттике талапкер Камала Харриске “IQ деңгээли абдан төмөн”,-деген мүнөздөмө берди.
Ал Демократиялык партияны да сынга алып, алардын өкүлдөрү “Орусия АКШга негизги коркунуч”,-деген мифти жаратышканын айтты.
“Демократиялык партиядан Орусия, Орусия, Орусия”,-деген гана сөздөрү угасың”,-деди Трамп.
Анын пикиринде, “демократтар өздөрүнүн кемчиликтерин жашыруу үчүн Орусияны каралоого аракет кылып жатышат”.
АКШда анын дарегине карата айтылган: “Орусиянын досу” деген дооматтарга жооп кылып: «Алар мени (Демократиялык партиянын өкүлдөрү – ред.) Орусиянын досу деп айтканды жакшы көрүшөт. Мен Орусияга иштептирмин, орустардын тыңчысы имишмин. Бирок муну айткан адамдар оорулуу», – деди ал.
Ал президент болуп турганда «Түндүк агым-2» газ куурунун курулушу бүтпөй калганына да токтолду.
Бул долбоор Орусия үчүн маанилүү экенин айткан Трамп: «Өзүңөр билесиңер, “Түндүк Агым-2ни” мен талкалаганмын. Бул Орусиядан Германияга кеткен дүйнөдөгү эң чоң газ кууру болчу»,-деди.
Трамп ошондой эле анын Кремль менен байланышы тууралуу демократтар тарабынан айтылган дооматтарга да токтолбой койгон жок. Анын айтымында: “2016-жылы Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду жеңишке жеткирүү үчүн ойлоп табылган мифология болчу”,-деди.
Эгер ал шайлоодо жеңип чыкса, өзүнүн эң ишенимдүү колдоочуларын негизги кызматтарга дайындоого убада берди. Бул тизмеге бизнесмен Илон Маск жана саясатчы Роберт Кеннеди (кенжеси) да бар экенин ачык айтты.
Маскты Мамлекеттик катчы кылып дайындоого каршы эмес экенин, бирок бизнесмен аны каалабай жатканын айтты. Анын ордуна Маск өлкөнү башка жол менен “сактап калууну” жана АКШнын бюджеттик чыгымдарын жылына 2 триллион долларга кыскартууну каалап жатканын жар салды.
Ошондой эле, ал президент болсо, Орусия менен Кытайды “ажыратууга” аракет кылаарын убада кылды.
“Байдендин жүргүзгөн саясаты бул эки өлкөнүн биригишине алып келди”,-деген пикирин айтты.
Трамп муну “маскарачылык” деп атап, убадасын аткарганга кудурети жете турганын жана аларды (Оруся менен Кытайды) бөлүү зарыл деп эсептей турганын белгиледи. Ал ошондой эле бул эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын тереңдеп баратканына тынчсыздануусун билдирип, аны өтө кооптуу көрүнүш деп сыпаттады.
Эске сала кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харрис Ак үйдүн башчылык кызматына ат салышып жатышат. Трамп буга чейин АКШнын президенти болуп 2017-жылдан 2021-жылга чейин иштеген.

















