Токио Россиядагы «Япон борборунун» бардык алты филиалын жабуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жапония өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсимаса Хаяси маалымат жыйынында билдиргенин Kyodo агенттиги жазды.
Бирок мындай чечимдин себеби айтылган жок.
АНО «Япон борбору» («Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча Япон борбору») 2000-жылы өкмөттөр аралык меморандумдардын негизинде түзүлгөн. Мындай документтер экөө гана болгон — 2000 жана 2003-жылдары. Алар борборлордун Россия аймагында түзүлүшү жана иштөөсүн жөнгө салган.
Борборлор негизинен япон тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берип келген. Анын бир филиалы М. В. Ломоносов атындагы ММУнун аймагында жайгашкан. Ошондой эле борборлор аймактарда бизнес-семинарларды өткөрүп, Жапонияга стажировкага барууга көмөктөшкөн. Мындан сырткары, япон компаниялары менен байланыш түзүүдө да колдоо көрсөткөн.
«Япон борборлорунун» ишмердигин Жапония өкмөтү Россиядагы өзүнүн элчилиги аркылуу каржылаган.
Филиалдар Москва, Петербург, Нижний Новгород, Түштүк-Сахалин, Хабаровск жана Владивостокто жайгашкан. Kyodo белгилегендей, бул борборлор Япония менен Россиянын достугунун символу болуп келген.
Россия Украинада аскердик операция баштагандан кийин, Япония Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кошулуп, өз алдынча да чектөөлөрдү киргизген.
2025-жылдын январында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин япон борборлорунун ишине байланышкан өкмөттөр аралык меморандумдарды колдонуу токтотулсун деп буйрук берген. ТИМге бул чечим тууралуу жапон тарапты кабардар кылуу тапшырылган.


















