Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана Россияга каршы санкциялык режимди сактай турганын Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушууда билдирди.
Бул тууралуу Sputnik агенттиги жазды.
«Казакстан санкциялык режимди сактайт. Биз санкциялык режимди сактоо үчүн бардык тиешелүү уюмдар менен байланыштабыз», — деген казак лидери.
Ошол эле учурда Токаев Россия менен Казакстандын эки өлкөнүн ортосундагы дүйнөдөгү эң узун чек арасы бар экенин белгиледи. Мындан тышкары, Москва менен Астананын ортосунда терең экономикалык жана гуманитардык мамилелер бар, деп кошумчалаган республика башчысы.
Эске салсак, Евробиримдик өткөн жылдын февраль айынан баштан Россияга каршы 11 санкция пакетин кабыл алган. Алардын эң акыркысы ушул жылдын июнь айында күчүнө кирген. Жаңы чектөө чаралары, бейрасмий маалымат каражаттары боюнча, октябрь-ноябрь айларында макулдашылышы мүмкүн, бирок аларды даярдоо ар бир жолу көбүрөөк убакытты талап кылат жана Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн ортосунда барган сайын олуттуу талкуулар менен коштолууда.
Россиянын президенти Владимир Путин Россияны кармап туруу жана алсыздандыруу саясаты батыш өлкөлөрүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы жана алардын негизги максаты – миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу экенин белгилеген. Ага карабастан, Путиндин айтымында, Москва мындай тынымсыз кысымдан тынч өтүп жатат жана санкциялардын демилгечилери өздөрүн жазалоодо.