Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нью-Йоркто Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.
Жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында, уюмдун штаб-квартирасында болгонун Акорда кабарлады.
«Мамлекет башчылары эки тараптуу экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты. Владимир Зеленский Украинадагы кырдаал боюнча өз көз карашын билдирди», – деп айтылат расмий билдирүүдө.
Казакстандын президенти бул абдан татаал кырдаалда жаңжалды токтотуунун жолдорун издөө максатында дипломатиялык иштерди улантуу зарыл экенин билдирди.
Буга чейин Токаев АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшкөн. Алар Нью-Йоркто бетме-бет жолукканбы же телефон аркылуу сүйлөшкөнбү – Акорда тактаган жок.
«Негизги көңүл Казакстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечегине бурулду. Дональд Трамп экономика жана соода тармактарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле президенттер эл аралык кырдаалга байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты», – деп айтылат Токаевдин басма сөз кызматынын маалыматында.
Мындан тышкары, Казакстандын президенти БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Черногориянын президенти жана башка лидерлер менен жолугушту. Ошондой эле ал америкалык ири компаниялардын жетекчилери менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.



















