Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Катарга болгон сапарынын алкагында падышалыктын негиздөөчүсү шейх Жасим бин Мохаммед бин Танинин кылычын белекке алды.
Бул тууралуу Акорда маалымдады.
Бул кылыч Катардын эң жогорку мамлекеттик символу болуп саналат. Ал Катар мамлекетине жана бүткүл адамзатка кылган кызматы үчүн Катардын Эмири тарабынан монархтарга, ханзаадаларга жана мамлекет башчыларына жеке тапшырылат.
Бул кылыч менен 2016-жылы сыйланган биринчи чет элдик лидер Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд болгон. Кылыч кийинчерээк Омандын султаны Хайсам бин Тарекке (2021) жана Испаниянын падышасы Филипп VIга (2022) тартууланган.
Катардын эң жогорку мамлекеттик символу Катар мамлекетинин негиздөөчүсү шейх Жасим бин Мохаммед бин Танинин (1827-1913) кылычынын так көчүрмөсү.
“Кылычтын кыны сары алтындан (18 карат) жасалып, эки жагы кооздолгон. Мизи дат баспай турган кымбат баалуу болоттон, туткасы төөнүн сөөгүнөн жасалып, агат жана турмалин менен кооздолгон”, – деп билдирди Токаевдин басма сөз кызматы.
Казакстандын президенти мамлекеттик сапар менен Катарга 13-февралда барды. Эртеси күнү ал падышалыктын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана премьер-министр шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль Тани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


















