Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Катардагы Al Jazeera телеканалына берген маегинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин курамын кеңейтүү керектигин айтты.
Анын айтымында, кеңешке Германия, Япония, Азия жана Африка өлкөлөрүн кошуу зарыл, ошондой эле өнүгүп жаткан өлкөлөрдү ротациялык негизде тартуу мүмкүн.
«Эң оболу, Коопсуздук кеңешин кеңейтүү зарыл. Бул маанилүү органга жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер, балким, ротациялык тартипте кириши керек», — деди Токаев.
Ал белгилегендей, Япония, Германия сыяктуу ири державалар, ошондой эле Азия менен Африканын өкүлдөрү Коопсуздук кеңешине кошулууга же анын ишине кандайдыр бир деңгээлде тартылууга тийиш.
«Бул Коопсуздук кеңешиндеги кризистин адилет чечими болмок», — деп кошумчалады ал.
Ошондой эле Казакстандын президенти дүйнөдө кээ бир ири мамлекеттердин изоляцияга учурашы Астананы тынчсыздандырып жатканын белгиледи.



















