Жыл жыйынтыгы боюнча Өзбекстанда жакырчылыктын деңгээли 8,9 пайыздан 5,8 пайызга чейин кыскарды. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 26-декабрда Олий Мажлиске (парламентке) жана элге кайрылуусу учурунда билдирди, деп маалымдады мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов.
Мирзиёевдин айтымында, өлкөнүн болжол менен 1,5 миллион тургуну жакырчылык чегинен чыга алышты. Республиканын тарыхында биринчи жолу 1435 махалля (жамаат) жакырчылыктан эркин аймак макамын алды. 5 миллион жаран киреше булактары менен камсыз болду. Мунун натыйжасында республикада жумушсуздуктун деңгээли 5,5 пайыздан 4,9 пайызга чейин төмөндөдү.
«Бул ишти баштаганда калктын үчтөн бири жакырчылык чегинен төмөн жашачу. Кредиттер, субсидиялар, компенсациялар сыяктуу 100дөн ашык кызматты камтыган социалдык коргоонун таптакыр жаңы системасын түзүп, бул ыйгарым укуктарды махалланын өзүндөгү “жети адамдан турган” түзүмгө бергенден кийин, 8,5 миллиондон ашык адам жакырчылыктан чыкты, ал эми жумушсуздук эки эсеге азайды. Натыйжада үч жыл мурда өзүбүзгө койгон 2026-жылдын аягына чейин жакырчылыкты эки эсеге кыскартуу максатыбызга быйыл эле жетиштик», — деп баса белгиледи президент.
23-декабрда өткөн Олий Мажлистин (Өзбекстан парламентинин) жыйынында жумуш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу министри Бехзод Зохидов быйыл комплекстүү чаралардын аркасында 302 миң муктаж үй-бүлө жакырчылыктан чыгарылганын билдирген. Хаваст, Мирзаабад, Акалтын, Дустлик, Пахтакор, Фариш, Бустан, Вабкент, Миришкор, Мингбулак, Узун жана Пскент райондорунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 4,5 эсеге кыскарган. Бухара, Каган, Навои, Зарафшан, Газган, Самарканд жана Ширин шаарларында жумушсуздуктун көрсөткүчү биринчи жолу 4 пайыздан төмөн түшүп, табигый деңгээлге жакындаган.
«Жакырчылыктан — гүлдөп-өнүгүүгө» программасынын алкагында үй-бүлөлөрдүн материалдык абалын баалоонун негизинде түзүлгөн «Жакыр үй-бүлөлөрдүн реестри» киргизилди. Министрдин айтымында, ага 712 миң үй-бүлө киргизилген. Алардын ар бири үчүн жакырчылыктан чыгуу боюнча жеке пландар иштелип чыккан. Бул пландарды ишке ашыруунун жыйынтыгында болжол менен 2 миллион адамды камтыган 463 миң үй-бүлө кирешени көбөйтүүгө багытталган 800 миңге жакын кызмат алышкан.
Мурда маалымдалгандай, Өзбекстанда жакырчылыктын деңгээли жыл сайын орточо 3 пайызга кыскарууда. 2023-жылы бул көрсөткүч 17 пайыздан 11 пайызга чейин төмөндөгөн.
2024-жылдын күзүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакырчылыкты кыскартуу жалпы улуттук кыймылга айланарын билдирген.



















