The Telegraph жазгандай, Владимир Зеленский Европа лидерлерине АКШ президенти Дональд Трамп жана Россиянын президенти Владимир Путиндин Аляскадагы жолугушуусунун алдында Украина согушту токтотуу үчүн азыркы фронт сызыгын бекитип, Россиянын көзөмөлүндөгү аймактарды — Луганск, Донецк, Запорожье, Херсон жана Крымды — берүүгө макул болушу мүмкүн экенин айтты. Бирок бул, курал-жарак менен камсыздоо жана НАТОго мүчөлүккө жол ачуу сыяктуу коопсуздук кепилдиктери шартында гана мүмкүн.
Зеленский буга чейин жерди «бербесин» айтса да, азыркы билдирүүсү фронтту «тоңдуруу» багытын көрсөтөт. Ал ошол эле учурда Россия согушту токтотууга даяр эмес экенин, тескерисинче, жаңы чабуулдарга даярданып жатканын белгиледи.
Путин болсо 15-августтагы саммитте ок атууну токтотуу үчүн Украинанын Киев көзөмөлүндө калган Донецк облусунун үчтөн бир бөлүгүн берүүсүн, ошондой эле Украинага курал-жарак берүүнү токтотууну жана өлкөнүн НАТОго кирүүдөн баш тартуусун талап кылууда.

Евробиримдиктин 26 өлкөсү (Венгриядан башкасы) Украинаны колдоого байланыштуу биргелешкен билдирүү жасап, эл аралык укук жана аймактык бүтүндүк сакталууга тийиш экенин баса белгиледи. ЕС лидерлери тынчтык Украинасыз аныкталбай турганын белгилешти.
Трамп 15-августтагы жолугушуу «сынамык» мүнөздө болорун, максат — Россияны согушту токтотууга ынандыруу экенин айтты. Ал жер алмашуулар болушу мүмкүн экенин, бирок кайсы аймактар тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.




















