Америкалык Tesla 2024-модел жылынын 2,4 миңге жакын Cybertruck электр пикаптарын дисктеги конвертер бузулгандыктан кайра чакыртып алууда. Кемчилик дөңгөлөктөрүнө берилүүчү күчтүн жоголушуна алып келиши мүмкүн, бул кырсык коркунучун күчөтөт.
Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги АКШнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча улуттук башкармалыгынын (NHTSA) сайтындагы маалыматка шилтеме берип билдирди.
Көйгөйдү чечүү үчүн Tesla кызматы бузулган конвертерлерди бекер алмаштырат.
Бул Cybertruck өткөн жылдын ноябрында сатыла баштагандан бери алтынчы чакыртып алуу.



















