Ирандын президенти Масуд Пезешкяндын сапарынын алкагында Душанбеде инвестиция жана туризм боюнча тажик-иран конференциясы өтөт.
Душанбеге 120дан ашык ирандык ишкерлерден турган делегация келди.
Коноктордун арасында маданий мурастар министри Реза Салехи Амири жана Ирандын соода жана өнөр жай башкармалыгынын башчысы Самед Хасанзаде бар экенин Ирандын Тажикстандагы элчилигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянуу менен Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
Тажикстандык кесиптештер менен жолугушуулар Иран президенти Масуд Пезешкяндын 15-16-январда Душанбеге боло турган сапарынын алкагында пландалууда.
Тажикстандын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети билдиргендей, Душанбеде инвестиция жана туризм боюнча тажик-иран конференциясы өтөт.
Ишке эки тараптан 400 адам катышары пландалууда.
Конференцияда Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри, өнөр жай жана жаңы технологиялар министри, Инновациялар жана санариптик технологиялар боюнча агенттиктин директору, ошондой эле иран тараптын мамлекеттик органдарынын жетекчилери баяндама жасашат.
Ошондой эле Тажикстандын Маданият министри, Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин төрагасы, Душанбе шаарынын мэринин орун басары да сөз сүйлөйт.
Конференцияда тажик жана ирандык ишкерлердин кызматташуусу боюнча документтерге кол коюу пландалууда.
Эске сала кетсек, Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тажикстандын лидери Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 15-январда Душанбеге келет. Бул Пезешкяндын президенттик кызматка киришкенден берки Тажикстанга биринчи расмий сапары.
Сапардын программасына ылайык, жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан жана сүйлөшүүлөрдөн кийин Тажикстан менен Ирандын ортосунда кызматташуу боюнча бир нече жаңы документтерге кол коюлат.

















