Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим өлкөсү Ирандын Чабахар портуна инвестиция салууга кызыкдар экенин баса белгилеп, Чабахар-Захедан темир жолунун курулушун тездетүүгө үмүттөнөрүн билдирди.
Бул тууралуу ал Женевада өткөн БУУнун кургактык транспорт боюнча комитетинин 87-сессиясынын алкагында Иран Ислам Республикасынын Жолдор жана шаар куруу министри Фарзане Садег менен эки тараптуу жолугушуусунда билдирди.
Бул жолугушууда тараптар буга чейин макулдашылган маселелерди карап, ошол эле учурда транспорттук жана соода алакаларын өнүктүрүүгө басым жасашты.

Тажик тарап Чабахарга инвестиция салууга кызыкдар экенин дагы бир жолу кайталап, Чабахар-Захедан темир жолунун курулушун тездетүүгө үмүтүн билдирди.
Ошондой эле айдоочулук виза маселесин Ирандын Жолдор министри колго алганы, тажик тарап да бул маселени жеңилдетүү үчүн кызматташууга жана иш алып барууга убада бергени белгиленди.
Иран тарап ошондой эле Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран аркылуу өтүүчү жол каттамын изилдөөнү сунуштады, тажик тарап аны кубаттады.
Чабахар деңиз порту – Ирандын түштүк-чыгышында, Оман булуңунун жээгинде жайгашкан жана Индия океанына түз чыга алат. Ооганстанга жана Борбор Азиянын деңизге чыга албаган өлкөлөрүнө жакын жайгашкандыктан бул өлкөлөр үчүн “Алтын дарбаза” деп аталат.
Тажикстан Чабахар портунан Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран аркылуу Инди океанына чыга алат.
Тажикстан Ирандын Чабахар портун жүк транзити үчүн колдонууга ниеттенүүдө. Тиешелүү документке январь айынын орто ченинде Тажикстан менен Ирандын президенттери Эмомали Рахмон менен Масуд Пезешкяндын Душанбедеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлган.

















