Ташкент шаардык акимчилиги калаадагы абанын булгануусу нормадан бир нече эсеге ашканы тууралуу социалдык түйүндөрдөгү жана ЖМКлардагы билдирүүлөргө байланыштуу маалымат таратты.
Акимчилик “бул оор маселеге” кайдыгер болбогону жана “өз сунуштарын берип, талкууга катышып жатканы үчүн” шаар тургундарына ыраазычылык билдирди.
Мекеме шаардагы абалды жакшыртуу үчүн экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу, атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтуу, коомдук транспорттун санын көбөйтүү жана сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыгып жатканын белгиледи.
“Экологиялык абалды жакшыртуу жана калктын саламаттыгын коргоо үчүн бир катар катаал чечимдерди кабыл алуу талап кылынат. Келечекте ал чечимдер терс кесепеттерге алып келбеши үчүн алар илимий изилдөөлөргө жана анализдерге негизделиши керек”, – деп жазылган билдирүүдө.
Маалыматка караганда, учурда Ташкент шаардык акимчилигинде ар бир багыт боюнча иш алып бара турган жумушчу топтор иштеп жатат. Алардын курамына түрдүү өлкөлөрдөн келген адистер да кирген. “Ар бир жумушчу топ аналитикалык маалыматтардын негизинде шаарда ишке ашырылышы керек болгон практикалык чаралар менен презентацияларды даярдайт. Алар жакынкы убакта жалпы коомчулукка чыгарылат”, — деп жазылган маалыматта.
17-январь күнү эртең менен Ташкенттеги абанын булгануусу кайрадан “кооптуу” деңгээлге чыкты. Өзбекстан гидромет кызматынын маалыматы боюнча, абадагы RM2,5 бөлүкчөлөрүнүн көрсөткүчү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарынан 23,8 эсеге көп болууда. Абанын сапатына көз салган IQAir индекси жарыялаган маалыматка ылайык, Ташкент бул күнү дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын рейтингинде 8-орунга жайгашкан.



















