Ташкент шаарында «Жасалма интеллект: туризм жана меймандостуктун жаңы багыты» аттуу темада VII Hotel Business Forum 2026 форуму болуп өттү.
Иш-чарада меймандостук тармагына санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү маселелери талкууланды. Катышуучулар заманбап башкаруу ыкмалары, инновациялык чечимдер жана тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашышты. Ошондой эле билим берүү программаларында кесиптик көндүмдөрдү жана жумшак жөндөмдөрдү өнүктүрүүнүн мааниси белгиленди.
Кыргызстандан Хорика Клаб ассоциациясынын төрайымы Гүлзат Раимбекова туризм алкагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуулугун белгиледи. Анын айтымында, мейманканалар жана ресторандар туризм тармагынын негизги бөлүгү болуп саналат. Азыр туристтер бир өлкө менен чектелбестен, Борбор Азия аймагындагы бир нече мамлекетти кыдырышат. Ошондуктан Кыргызстан менен Өзбекстанда меймандостук тармагын биргелешип өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ.
Форумга эл аралык мейманкана тармактарынын өкүлдөрү, инвесторлор, тармактык адистер, рестораторлор жана профилдик окуу жайлардын жетекчилери менен окутуучулары катышты. Алардын арасында Sky Glamping Kyrgyzstan компаниясынын жетекчиси Үмүтай Айтмаматова да болду.
Форум Өзбекстандын Мейманканачылар ассоциациясы тарабынан Өзбекстан Республикасынын Туризм комитетинин колдоосу менен уюштурулду.






















