31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган республикалык сынакта жеңишке ээ болгон айкелчилер, “Тарыхтан калган элестер” аттуу 17 таш айкелди көрүүчүлөргө сунушташты.
Анын ачылышына КР Президенти Садыр Жапаров да катышты.
Кыргыз элинин байыртан келе жаткан тарыхый-маданий мурасын жогорку чеберчилик менен чагылдырган айкелдер, Ош шаарына эстеликке калтыруу, улут мурасын жана айкелчилердин эмгектерин даңазалоо максатында жасалган.
Кошумчалай кетсек, быйыл КР Эгемендүүлүк майрамы Ош шаарында чоң салтанат менен белгиленип жатат. Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар инфраструктуралык объектилер реконструкцияланууда жана жаңы курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Мисалы: “Алымбек-Датка” этнографиялык комплекси, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү. Мында 57 метр узундуктагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу орнотулду. Ал эми Ош мамлекеттик университетинин жана С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасы, А. Сүйүмбаев атындагы Ош шаардык стадиону, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн ат майданы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.