Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча иштерди аткарууга мамлекет тарабынан 600 млн сомго жакын акча бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анда мындай деп айтылат: “Академик, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанканов агай кубанып, коллегаларына сүйүнчүлөп жаткан себеби – тарыхчы-археологторго 600 млн сомго жакын акча бөлүнгөнү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү финансылык коштоо менен токтом кабыл алды. Республикалык бюджеттен ири финансылык каржы бөлүнүп берилди.
“2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны толук ишке ашыруу үчүн анын Иш-чаралар планына ылайык республикалык бюджеттен 584 074,6 миң сом суммасында туруктуу каржылоо аныкталды, анын ичинде 2024-жылга – 156 935,6 миң сом, 2025-жылга – 131 116,5 миң сом, 2026-жылга – 193 154,2 миң сом, 2027-жылга -102 868,3 миң сом бөлүнөт”.
Академик Аблабек Асанкановдун кубанычы
Академик, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанканов агай кубанып, коллегаларына сүйүнчүлөп жаткан себеби – тарыхчы-археологторго 600 млн сомго жакын акча бөлүнгөнү.Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү финансылык коштоо менен токтом кабыл алды. Республикалык бюджеттен ири финансылык каржы бөлүнүп берилди. “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны толук ишке ашыруу үчүн анын Иш-чаралар планына ылайык республикалык бюджеттен 584 074,6 миң сом суммасында туруктуу каржылоо аныкталды, анын ичинде 2024-жылга – 156 935,6 миң сом, 2025-жылга – 131 116,5 миң сом, 2026-жылга – 193 154,2 миң сом, 2027-жылга -102 868,3 миң сом бөлүнөт.
Опубликовано Эдилом Байсаловым Вторник, 26 декабря 2023 г.



















