Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлүнүн жырылышынан улам жалпы 950 адам эвакуацияланып, убактылуу жайгаштыруучу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үйү) жайгаштырылды.
Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
ӨКМдин саат 21:00гө карата берген маалыматына ылайык, 27-июнда болжол менен саат 17:31 чамасында Такыр-Төр бийик тоолуу көлдүн дамбасы жырылып, суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдардын ортосундагы 1 даана көпүрөнү алып кеткен.
Азыркы учурда эки тартаптуу жол жабык. Жеринде жолду ачуу боюнча тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Эвакуация иштерин ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссия менен биргеликте жүргүзүп, ага Кант шаарынын мэриясынан 11 даана кичи автобус, райондук транспорт кызматынан 8 кичи автобус унаалары тартылды.
Мекеме азыркы учурда суунун көлөмү турукташып, турак үйлөр жана башка инфраструктура объектилери жабыркабаганын, ошого карабастан абал генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө экенин билдирди.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаратылыш кырсыгы катталган аймактан учак менен кабар алып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алууну, окуяга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турууну тапшырды.























