Америкалык журналист Такер Карлсон Украинанын президенти Владимир Зеленский менен маек курушу мүмкүн. Буга чейин журналист Зеленский интервью алуу боюнча бардык өтүнүчтөрдү четке какканын айткан.
Февраль айында Карлсон орус лидери Владимир Путинден интервью алган.
«Биз Зеленскийден интервью алдык окшойт. Биз муну эки жыл бою, өзгөчө Путин менен февраль айындагы интервьюсунан кийин катуу аракет кылдык. Максаты – америкалыктарга алардын өлкөсүнүн дүйнөдөгү аброюн толугу менен өзгөртүп жаткан жаңжал тууралуу абдан керектүү маалыматты жеткирүү. Бул жакын арада ишке ашат деп үмүттөнөбүз», — деп жазган журналист X социальдык тармагына.
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путин менен америкалык саясий баяндамачы Такер Карлсондун маеги 2024-жылдын 6-февралында болгон. Премьера 2024-жылдын 8-февралында Карлсондун Tucker Carlson Network стриминг сервисинде жана Twitter (X) социалдык тармагында өткөн.
















