Журналист аэропортто анын паспорту алынганын жана продюсери суракка алынганын билдирди.
Америкалык журналист Такер Карлсон Израилдеги АКШнын элчиси Майк Хакаби менен маек куруу үчүн барган Тель-Авив шаарында кармалганы кабарланды.
Daily Mail гезитинин маалыматына ылайык, Хакаби менен болгон маектен кийин Карлсон Тель-Авивге жакын жайгашкан Бен-Гурион аэропортунда кармалган.
Хакаби Израилде христиандарга карата начар мамиле жасалып жатканы тууралуу билдирүүлөрүнөн кийин Карлсонду Тель-Авивге чакырган. Карлсон басылмага берген маегинде аэропорттогу израилдик бийлик өкүлдөрү анын паспортун алып коюшканын, ал эми продюсерин сурак бөлмөсүнө алып киришкенин айтты.
«Аэропорттун коопсуздук кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырган адамдар биздин паспортторду алып, аткаруучу продюсерибизди жанындагы бөлмөгө алып киришти, андан кийин мен элчи Хакаби менен эмнелерди сүйлөшкөнүмдү билгиси келишти», — деди Карлсон.
Журналист болгон тоскоолдуктардан кийин алар Израилди таштап чыгып кеткенин билдирди.
АКШ Конгрессинин мурдагы мүчөсү Марджори Тейлор Грин америкалык X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Карлсондун Израилде, АКШнын элчиси Хакаби менен болгон маектен кийин кармалышына нааразычылык билдирди.
«Биз буга чыдабайбыз. Силер абалды дагы да начарлаттыңар», — деп жазды Грин.
Өткөн жумада өзүнүн YouTube программасында Карлсон Хакабини Израилдеги христиандарды жетиштүү деңгээлде коргобой жатат деп айыптаган, ошондой эле Газа секторуна жасалган израилдик чабуулдарды көп жолу сынга алган.



















