АКШнын президенти Дональд Трамп Украинада президенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын билдиргенден кийин, Зеленский Украина үчүн коопсуздук кепилдиги берилсе, шайлоону үч айдын ичинде уюштурса болорун билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинада президенттик шайлоо өткөрүүгө бир нече ирет чакырык жасаган. 9-декабрда да Politico басылмасына берген маегинде: “Убакыт келди деп ойлойм. Азыр шайлоо үчүн маанилүү учур. Алар шайлоо өткөрбөө үчүн согушту пайдаланып жатышат, бирок менимче, украин элинин тандоосу болушу керек”, — деп айткан.
Зеленский Украинанын мамлекет башчысын шайлоо өтсө, ага катышууга даяр экенин билдиргенин 9-декабрда “РБК-Украина” маалымат агенттиги кабарлады.
Анын айтымында, добуш берүү өлкө жарандары үчүн коопсуздук кепилдиги болгондо гана мүмкүн.
“Шайлоону өткөрүүдө эки маселе бар. Биринчиси — коопсуздук: ракеталык соккулар уланып жаткан шартта бул кантип ишке ашат? Экинчиси — шайлоонун легитимдүүлүгүн камсыз кылган мыйзамдык негиз”, — деди Зеленский Италиядагы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Украина лидери АКШны жана европалык өнөктөштөрдү шайлоо өткөрүү үчүн шарт түзүүгө ачык түрдө чакырды.
“Мен шайлоого даярмын. АКШны европалык өнөктөштөр менен биргеликте шайлоонун коопсуздугун камсыз кылууну суранам. Андай шарт түзүлсө, Украина 60–90 күндүн ичинде шайлоо өткөрүүгө даяр болот”, — деди ал.
Зеленский ошондой эле украиналык депутаттарды аскердик абал учурунда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоого чакырды.
“Эртең Украинага кайтам, өнөктөштөрдүн жана депутаттардын сунуштарын күтөм, жана шайлоого барууга даярмын”, — деп кошумчалады президент.
Украинанын мыйзамдарына ылайык, аскердик абал учурунда шайлоо, анын ичинде президенттик шайлоо өткөрүүгө болбойт. Украинада аскердик абал 2022-жылдын февралында киргизилген жана үзгүлтүксүз узартылып келет.
Согуш шартында Украинада 2023-жылдын октябрына белгиленген Жогорку Рада шайлоолору, ошондой эле 2024-жылдын мартында өтүүгө тийиш болгон президенттик шайлоо өткөн эмес.


















