Бүгүн эртең менен Тайванда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталып, бир киши көз жумуп, 50дөн ашууну жаракат алды.
Бул тууралуу Reuters агенттиги аралдын өрт өчүрүү кызматына таянуу менен билдирди.
“Тайвандын өрт өчүрүү кызматы шаршемби күнү жер титирөөдөн бир адам каза болуп, 50дөн ашууну жарадар болгонун билдирди”, — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Кытайдын сейсмологиялык башкармалыгынын маалыматына караганда, шаршемби күнү Тайвань аралынын чыгыш жээгиндеги Хуалянь уездинин жээгинде күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Андан кийин, аралда күчү 4 баллдан ашкан 11ден ашык жер титирөө болгон.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Тайвандын Хуалянь шаарынан 18 чакырым түштүктө жайгашкан. Сейсмологдордун айтымында, бул акыркы 25 жылда Тайванда болгон эң күчтүү жер титирөө.
Айрым ЖМКлар жер титирөөдөн улам имараттар жана көпүрөлөр кыйрап, он миңдеген тургундар жарыксыз калышканын жазышууда.
Бир катар шаарларда жер титирөө коркунучунан улам метро токтотулганын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирүүдө.
Тайвандын түндүгүндөгү Синьбэй шаарында пластмасса заводунун имараты урап калганын TVBS телеканалы билдирди.
Аралдын борбордук маалымат агенттиги сейсмологдорго таянып, Тайванда жакынкы 3-4 күндө күчү 6,5-7 баллга жеткен жаңы жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин жазды.
“Жакынкы 3-4 күндүн ичинде күчү 6,5-7 баллга жеткен жер титирөөлөр болушу мүмкүн”, – деп билдирет агенттик.
Аралда жана ага коңшу өлкөлөрдө цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилди.
Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары жер титирөө өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Фуцзянь провинциясында да сезилгенин кабарлашты.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Хуалянь уездинде жер титирөөлөр аралдын башка аймактарына караганда тез-тез болуп турат; 2018-жылдын февралында 6,5 баллдык кыйраткыч жер титирөөдөн 16 адам каза болуп, дагы 285 киши жарадар болгон.


















