Таалатбек Масадыков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысынын тынчтыкты орнотуу маселеси боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-январында Масадыков ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган.
5-февралдан тарта Таалатбек Масадыков эки кызматты бирге аркалайт.
Масадыков буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү болуп иштеп келген.



















