Жакында Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаары менен Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында түз аба каттамы ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган мамлекеттеги элчи Аида Исмаилова «T’way» авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён менен жолугушуу учурунда сүйлөшүүлөр болгондугун тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси А. Исмаилова «T’way» авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён менен жолугушкан. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылы түз аба каттамдарын ачылганына жогорку баа беришти.
Элчи А. Исмаилова жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөнүн, алардын басымдуу бөлүгү «T’way» авиакомпаниясы аркылуу ашырганын белгиледи. Кыргыз тарап учуулардын жыштыгын көбөйтүүгө жана жалпысынан жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи. “Сеул-Ош” каттамы боюнча түз аба каттамын ачуу, ошондой эле “Манас” аэропорту аркылуу Европага транзиттик каттамды ачуу маселелерин кароону сунуштады.
Ёнг Хонг Гён өз кезегинде Элчиликке түз аба каттамдарын ачууда көрсөткөн көмөгү жана эки өлкө ортосундагы жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча жигердүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Учурда Элчилик менен биргеликте 2024-жылдын 14-майынан тартып жумасына учуулардын санын 3кө чейин көбөйтүү маселеси иштелип жатканын белгиледи.
Маалымат үчүн: 2023-жылы “Бишкек-Сеул” каттамы боюнча «T’way» авиакомпаниясы 5 миңге жакын жүргүнчүнү тейлеген.





















