Бийлик жакынкы аймактардын тургундарына шашылыш эскертүү берип, эвакуация жарыялады.
Түштүк Кореянын Сеул шаарынан бир нече ондогон чакырым алыстыкта жайгашкан Пхёнтхэк шаарындагы АКШнын аскердик базасында эки ок-дарыдан ак фосфор сыртка чыгып кеткен.
Yonhap агенттигинин маалыматына ылайык, окуя Осан авиабазасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00 чамасында болгон.
Пхёнтхэк шаарынын мэриясы тургундарга шашылыш эскертүү жөнөтүп, баш калкалоочу жайларга кирүүгө жана терини коргоого чакырган. Бирок 36 мүнөттөн кийин кырдаал коопсуз деп табылып, коңгуроо режими жокко чыгарылган.
Базанын айланасындагы 300–500 метр радиуста укук коргоо органдары коопсуздук курчоосун уюштуруп, жөө адамдардын кыймылын токтотуп, автоунаалардын каттамдарын убактылуу өзгөрткөн.
АКШ армиясы билдиргендей, коопсуздук курчоосу «болгон окуяга байланыштуу жана өзгөчө сактык чарасы катары» киргизилген. Ошондой эле кырдаал толугу менен көзөмөлдө экендиги белгиленди.
Ак фосфордун күйүү температурасы 800–1300 °C чейин жетет. Ал абага тийгенде өзүнөн өзү тутанып, көздү уялткан жалын менен күйүп, коюу ак түтүн бөлүп чыгарат. Ак фосфор адамдын жумшак ткандарын жана сөөктөрүн өтө оор деңгээлде күйгүзүп, терең жаракаттарды пайда кылат.


















