Түштүк Кореянын өкмөтү ар кандай маалыматтарды талдоо системасына заманбап санариптик технологияларды киргизүүнү пландаштырган «Статистикалык потенциалды жогорулатуу» долбоорун ишке ашыруу үчүн Өзбекстанга 3,8 миллион доллар грант бөлдү.
Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистикалык комитети өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Маалыматка караганда, долбоор CATI системасын ишке киргизүүнү камтыйт. Ал интервьюларды компьютер, телефон аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, технология статистикалык комитеттин адистерине тандап изилдөөлөрдү эффективдүү жана так жүргүзүү ыктымалдуулугун жогорулатат.
Ошол эле учурда, административдик маалымат базаларын башкаруу системасы түзүлөт жана мамлекеттик органдардын ортосунда отчеттук маалыматтарды интеграциялоону камсыз кылат.
«Бул долбоор Өзбекстандын статистикалык системасына инновацияларды жана жогорку технологияларды киргизүүгө, ошондой эле тармакты эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүгө көмөктөшөт», – деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.
Тараптар 2025-2028-жылдарга карата эсептелген статистикалык потенциалды жогорулатуу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууда.
Бул долбоор Өзбекстандын статистикалык системасын модернизациялоого, санариптик технологияларды жана эл аралык тажрыйбаны киргизүүгө багытталган.
Эске сала кетсек, апрель айында эки тараптуу жолугушуу учурунда визалык процедураларды жөнөкөйлөтүү, кадрларды даярдоо жана билим берүү программаларын кеңейтүү маселелери талкууланган.



















