Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 4-май күнү Түркмөнстан менен Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министрлеринин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.
Рашид Мередов менен Сейед Аббас Аракчи эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелерди талкуулашты. Айрыкча тараптар аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдын алуучу дипломатиянын мазмунун түзгөн саясий-дипломатиялык ыкмалар менен каражаттарды колдонуу, ошондой эле татаал кырдаалдарды, анын ичинде чыр-чатактарды алдын алуу багытындагы аракеттердин маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.
Маалыматта телефон сүйлөшүүсү Иран тараптын демилгеси менен өткөнү айтылат.

















